ASCII сандарынын генератору
ASCII-арт стилиндеги сандардан (0–9) турган, белгиленген (labelled) train / validation / test берилиштер топтомдорун (dataset) генерациялоочу жаңы курал жасадым: ASCII Digit Generator.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
##______ ______
``77^ |___ /
_# / /
#^ / /
^#####> ./ /
_# \_/
##
##
7^
- 51 стиль: кол жазма (cursive), комикс жана display шрифттери, ошондой эле FIGlet ASCII шрифттери.
- Жөндөөлөр: тордун (grid) өлчөмү, стилдер, маалыматтарды топтомдорго бөлүү ыкмасы (held-out же random) жана сүрөттү “бузуулар” (damage): ызы-чуу кошуу (noise), буруу (rotation) жана жылдыруу (shift).
- Сервердин кереги жок: бардыгы түздөн-түз браузериңизде иштейт. Python коду Pyodide аркылуу WebAssembly’де аткарылат.
- Кайталанма (Reproducible): бирдей seed жана жөндөөлөр каалаган браузерде дайыма бирдей берилиштерди генерациялайт. Жөндөөлөр шилтеменин өзүндө сакталат, андыктан аны башкалар менен оңой эле бөлүшө аласыз.
- Жүктөп алуу: ичинде
train.jsonl,val.jsonl,test.jsonl,metadata.jsonжанаREADME.txtфайлдары бар zip-архив.
Ошондой эле, бул куралдын командалык саптан (CLI) иштөөчү версиясы да бар. Ал дал ушул эле Python-пакеттин негизинде иштейт: github.com/jumasheff/ascii-digits.
Бул пост автор тарабынан CC BY 4.0 лицензиясы менен корголгон.