Пост

OpenStreetMap'те объектилерге кыргызча аталыш кошобуз

Бул жетектеме (туториал) OpenStreetMap (OSM) картасындагы ар кандай объектилерге (мисалы, көчөлөр, мекемелер, ж.б.) кыргызча аталыштарды кантип кошууну көрсөтөт.

1-кадам. Катталуу.

Браузерден https://www.openstreetmap.org сайтын ачабыз, оң бурчтагы Sign Up баскычын басабыз, ачылган беттин төмөн жагындагы сүрөтчөлөрдүн арасынан бир вариантты тандап, катталууну тездетебиз, мисалы Google аркылуу кирип. Кааласаңыз классикалык эмейл/сырсөз ыкмасы менен деле каттала берсеңиз болот. img-description OSM’ге катталуу

Катталып, киргенден киийн, жогорку тилке мындай болуп калат: img-description Башкы тилке

2-кадам. Керектүү объектини табуу

Сайттын жогорку сол бурчундагы Search деген издөө көзөнөгүн колдонуп, кыргызчалай турган объектини издейбиз. Мисалы, “Республиканская клиническая инфекционная больница” деген объектини издейбиз. img-description Объектини издөө жана анын натыйжасы

Nominatim деген жазуунун төмөн жагынданы издөө натыйжасын бир чертебиз. Ошондо биз тандаган объекти белгиленип калганын байкайбыз. Төмөнкү скриншоттун орто жагын карасаңыз, анда клиника кызгылт-саргыч сызык менен белгиленип калды. Демек бул объектини түзөп баштасак болот. img-description Объектинин берилиштерин өзгөртүүгө даярдануу

3-кадам. Объектинин берилиштерин жаңыртуу

Объектинин аталышын түзөтүү үчүн башкы тилкедеги OpenStreetMap деген жазуунун оң жагындагы Edit атуу баскычын басабыз. Баскан соң төмөнкүдөй бет ачылат. img-description Объектини түзөп баштоо

Эч нерсеге тийбей туруп, Tags бөлүмүндөгү объектиге тиешелүү берилиштер таблицасына барабыз, + баскычын басабыз, name:ru деген жаңы ачкыч-ат кошобуз, анын тушуна учурдагы аталышты көчүрүп келип, салып коёбуз. Эмнеге? Анткени азыркы аты орусча да, ал эми name деген объектинин аталышына кыргызчасын кийинки кадамда жазабыз. img-description name:ru сабын кошобуз

Эми кыргызча аталышын табышыбыз керек. Википедиядагы макалага таянсак, анда бул клиниканын кыргызча аталышы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы экен. Макала “Кыргызстан улуттук энциклопедиясынын” негизинде жазылгандыктан, бул аталыш туура деп кабыл алууну чечтим. Эми аны name талаасына кошобуз. img-description name сабына кыргызча аталышты кошобуз

4-кадам. Өзгөрүүлөрдү сактоо

Эми өзгөртүүлөрүбүздү сактоо убактысы келди. Ал үчүн экрандын жогорку оң жагындагы Save баскычын басабыз. img-description Save баскычы жогорку тилкенин оң бурчунда

Сактоо баскычын баскандан кийин өзгөрүүлөр тууралуу маалымат жазышыбыз керек болот. Мен Applied Kyrgyz name by default (Кыргыз тилиндеги аталышын баштапкы кылып койдум) деп жаздым. img-description Өзгөрүүлөр тууралуу кыскача маалымат ушул жакка жазылат

Комментарий жазган соң Upload баскычын басабыз.

5-кадам. Натыйжа

Сактап койгон соң, объектинин кыргызча аты менен издеп тапсак болот. Ап-бали! Максатыбызга жеттик окшойт. Бир гана нерсе: издөө натыйжасында жана картадагы объектиде аталыштары орусча бойдон калды. Менимче бул кеште калган эски маалымат колдонулуп жаткандыктан болуп жатат. Эч нерсе эмес. Жакында аталышы кыргызча болуп калат. img-description Эми объектини кыргызча аты боюнча издеп тапсак болот

Эми Nominatim дегендин астындагы шилтеме аркылуу өтүп, таблицаны бир текшерип коёбуз. img-description Натыйжаларын текшеребиз

Баары жайында!

25-май. Жаңы маалымат.

Ишнтин натыйжасы мына! img-description Маалымат жаңыртылыптыр!

PS

Кийинки макалада жапырт өзрөртүү ыкмасын караштырабыз.

Бул пост автор тарабынан CC BY 4.0 лицензиясы менен корголгон.